Чех Республикасы

Чех Республикасы
Кыргыз Республикасынын жарандарын уюшкандыкта ишке орноштуруу тартиби
Чех Республикасына

 

Азыркы учурда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу  Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Чех Республикасына эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын уюшкандыкта тандоо боюнча иш жүргүзбөйт.

 

Муну менен бирге төмөндө сиз Кыргыз Республикасынын жарандарын Чех Республикасына ишке орноштуруу укугуна уруксаты бар иш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктердин тизмеси менен тааныша аласыз.

 

Көңүл буруңуз!!!


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу  Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору өзүнүн иш милдеттеринин алкагында Кыргыз Республикасынын иш менен камсыз кылуучу жеке агенттиктеринин (ЧАЗ) ишине мониторинг жүргүзөт. Чаздар ишти өз алдынча жүргүзүшөт жана көрсөтүлгөн кызматтын сапаты үчүн өздөрү жооп беришет.

Бирок, эгерде сиз чаздардын абийирсиз иш алып барган фактыларын аныктасаңыз, анда Борборго кайрылсаңыз болот.